Депутат Талиева: Жогорку Кеңеште элементардуу нерселерибиз жок  

Депутат Талиева: Жогорку Кеңеште элементардуу нерселерибиз жок  

Жогорку Кеңештин абалы белгилүү. Элементардуу нерселерибиз жок. Мындай пикирин парламент депутаты Камила Талиева комитет жыйынында билдирди.

“Грант дегенде эле майкамдай бербешибиз керек. Өткөндө Транспорт жана коммуникациялар министрлиги  2 пайыздык насыя алуу боюнча чыгашасынын эле көчүрмөсү экен. Болбогон нерселерге коротуп жатасыздар. Маселен, 1 миллионго жакыны эле ары-жак, бери жакка барганга чыгымдап жатыпсыздар. Чай-чемек, кагаз-пагаздары менен 15 миллион сом болуп атат да… Ушинтип жүрүп мамлекет өнүкпөй келе жатат. 24түн 12си эле көчөт эккенге жумшалса… Карагылачы, муну… Эмне дешибиз керек эми? Айтаарга сөзүбүз жок. Сүйлөгөндүн оозу жаман, ыйлагандын көзү жаман болуп жатабыз да, чынында. Грантты башка мамлекет алып кетет деп эле коркутасыңар, Жогорку Кеңештин абалы белгилүү эле. Эми аны айтсак жазып жиберет. Аны жазбай эле коёлу… Айтсаң, элементардуу нерселерибиз жок. Аны айтпай эле  коёюн, грантты да эффективдүү пайдаланганды үйрөнөлү” – деди.

Буга чейин парламентте  ажатканаларда даарат кагаздын жоктугу Жогорку Кеңештин жыйынында көтөрүлгөн болчу.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>