Футбол дүйнөсүндө эбегейсиз орду бар, мурдагы футболчу Диего Марадона 60 жашында көз жумду. Бул тууралуу Аргентиналык TN телеканалына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Марадона 30-октябрда ооруканага жаткырылып, башына операция жасалган.
12-ноябрда ооруканадан чыккан. Бирок, бүгүн 25-ноябрда оорусу күчөп, футболчунун жүрөгү токтогон.
Диего Марадона 1986 — жылы Аргентина курамасы менен дүйнө чемпиону болгон.
Өткөн кылымдын эң мыкты футболчуларынын бири катары футбол дүйнөсүндө эң таанымал адам эле.