Кыргызстандын дипломаттык жана кызматтык паспорт ээлери Албания, Черногория, Таиланд жана Венесуэла мамлекеттерине визасыз кире алышат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта айтылгандай, министрлер кабинети менен аталган өлкөлөрдүн өкмөттөрдүн ортосундагы дипломаттык жана кызматтык паспорттордун ээлерин визалык талаптардан бошотуу жөнүндө макулдашуулар ратификацияланды.
Ошондой эле бул макулдашууга ылайык, дипломаттык паспорт ээлери Кипрге визасыз кире алышат.
Министрлик бул кадам келечекте жалпы жарандык паспорт ээлери үчүн да көп өлкөлөргө визасыз кире алуу мүмкүнчүлүгүн кеңейте турганын билдирди.
ТИМ Кыргыз Республикасынын паспортунун «Паспорт индекси» рейтингиндеги позициясы 2023-24-жылдарга салыштырмалуу 14 пунктка жакшырганын билдирип, 6-мартка карата кыргыз паспорту 67-орунда турарын маалымдады.