Кендирбаева ата-энелерди ыктыярчы катары мектепке иштөөгө чакырды

04.10.2023 | 09:16

Билим берүү жана илим министринин милдетин аткаруучу Догдуркүл Кендирбаева ата-энелерди мектеп менен бирге иш алып барууга чакырды. Бул тууралуу ал өзүнүн Facebook тармагындагы баракчасына жазды.

Ал ата-энелер фонду жабылып, мектептин күнүмдүк муктаждыктарына акча бөлүнөрүн кабарлады.

“Баланын сапаттуу билим алуусу үчүн ата-эне сөзсүз түрдө мектеп менен бирге иш алып баруусу керек. Мен башталгыч класстардын ата-энелерине бир күндөн мугалимдин жардамчысы катары, ыктыярчы болуп иштөөнү сунуштайм. Айына бир күн балаңыз окуган класска жардам берүү оордук кылбайт деп ойлойм”, – дейт Догдуркүл Кендирбаева.

Белгилей кетсек, Догдуркүл Кендирбаеванын талапкерлигин кечээ Жогорку Кеңештин эки комитети билим берүү жана илим министрлигине жактырып, парламенттин жалпы жыйынында кароого сунуштады.

Догдуркүл Кендирбаева 1965-жылы туулган. Кыргыз, орус жана англис тилдеринде сүйлөйт. Жогорку билимди Кыргыз мамлекеттик университеттинде “тарых мугалими” багытында алган.

2012-2014-жылдары билим берүү министринин орун басары болуп эмгектенген. 2014-жылдан бери “Роза Отунбаеванын демилгеси” фондун жетектеп келген.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Scroll to Top