КР Билим берүү министрлиги кыргыз тили окуу китептеринин авторлору арасында кайрадан сынак жарыяладыДамирбек Осмонов Кыргызстандын саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыЭрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалдыБакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулдуКаныбек Досмамбетов Кыргызстандын саламаттык сактоо министри кызматынан бошотулдуМанас шаарынын аталышы кайра өзгөртүлбөйт
Дональд Трамп Кубаны «коркунучтуу» өлкө деп таап, АКШда өзгөчө абал жарыялады
30.01.2026 | 17:07

АКШнын президенти Дональд Трамп Куба өкмөтүнүн саясаты жана аракеттери өлкөнүн улуттук коопсуздугуна жана тышкы саясатына «өзгөчө коркунуч» келтирет деп таап, федералдык деңгээлде өзгөчө абал режимин киргизди. Тиешелүү жарлык Ак үйдүн расмий сайтында жарыяланды.
Жарлыкта Кубанын саясаты АКШнын кызыкчылыктарына каршы келген мамлекеттер жана топтор менен кызматташып жатканы айтылат. Негизги себептер катары төмөнкүлөр көрсөтүлдү:
- Аскердик жана чалгындоо кызматташтыгы: Куба өз аймагында АКШга каршы багытталган Орусиянын чалгындоо объекттерин жана Кытайдын аскердик түзүмдөрүн жайгаштырууга шарт түзүп берген.
- Террордук топторду колдоо: Куба өкмөтү ХАМАС жана Хезболла сыяктуу террордук топтордун аймактагы ишмердүүлүгүнө жана экономикалык байланыштарын чыңдоосуна көмөктөшүүдө.
- Аймактык дестабилизация: Куба режими миграциялык процесстерди жана зомбулукту колдонуу менен Батыш жарым шарындагы туруктуулукту бузууга аракет кылууда. Ошондой эле өлкө ичинде адам укуктарын бузуу, саясий куугунтук жана эркин басма сөздү чектөө фактылары айтылган.
Мындан улам АКШ Кубага экономикалык басым көрсөтүү үчүн жаңы тарифтик система киргизет. Тактап айтканда, Кубага түз же кыйыр түрдө мунай саткан же жеткирген бардык мамлекеттерге карата экономикалык санкциялар колдонулат. Ошондой эле андай өлкөлөрдөн АКШга импорттолгон товарларга кошумча бажы алымдары салынат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар