«Дордой» базарынын ишкерлери каражат чогултуп, Баткен облусуна гуманитардык жардам жөнөтүүдө.
Ишкерлердин тарабынан чогултулган гуманитардык жардам жабыркаган жана эвакуацияланган баткендиктердин муктаждыктарына арналган.
Ишкерлер курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына чын жүрөктөн көңүл айтып, кырдаалды эртерээк чечип, тынчтыкты калыбына келтирүүгө үмүттөнөрүн билдиришти.