ДСУ: Тамеки ден соолукка гана эмес, экологияга зыян берүүдө

ДСУ: Тамеки ден соолукка гана эмес, экологияга зыян берүүдө

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун жаңы баяндамасында тамеки өнөр жайы көптөр ойлогондон алда канча чоң коркунучтуу экенин эскертти. Анткени ал дүйнөдөгү эң чоң булгагычтардын жаратып, тоодой калдыктарды калтырып, глобалдык жылуулукка зыян алып келет.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун шейшембидеги отчетунда тамеки өнөр жайы айлана-чөйрөгө жана адамдардын ден соолугуна канчалык зыян келтиргени боюнча жаңы далилдер жарыяланды.

Тамеки тармагы жыл сайын сегиз миллион адамдын өмүрүн, 600 миллион бак-дарак, 200 миң гектар жерди, 22 миллиард тонна сууну жоготууга жана жердин атмосферасына 84 миллион тоннага жакын СО2ни бөлүп чыгарууга жооптуу экени аныкталган.

Отчетто тамеки өндүрүү, кайра иштетүү жана ташуудагы көмүртек изи коммерциялык авиакомпаниялар тарабынан жыл сайын өндүрүлгөн СО2нин бештен бирине барабар экенинин эске алып, бул көйгөйлөр дагы глобалдык жылуулукка салым кошоору айтылат.

ДСУнун ден соолукту чыңдоо боюнча директору Рюдигер Креч “Франс Пресс” агенттигине бул тыянактар ​​»өтө кыйратуучу» деди жана бул тармакты «биз билген эң чоң булгагычтардын бири»-деп атады.

Кошумчалай кетсек, тамеки  планетадагы эң таштандысы көп зат болуп саналат, анын курамында 7000ден ашык уулу химикаттар бар, алар чыкканда биздин айлана-чөйрөгө кирет.

ДСУнун өкүлү белгилегендей, жыл сайын океандарга, дарыяларга, тротуарларга жана пляждарга кирген болжол менен 4,5 триллион тамекинин калдыктары 100 литр сууну булгашы мүмкүн.

Ал эми бардык тамеки өндүрүп жаткандардын төрттөн бир бөлүгү жашыл тамеки оорусу деп аталган же тери аркылуу сиңген никотинден ууланып оорушат.

Кречтин айтымында, күнү бою тамеки жалбырактары менен иштеген дыйкандар күнүнө 50 тамекиге чеккенге барабар.

Бул тамеки өстүрүү менен алектенген көптөгөн өспүрүмдөрдү өзгөчө тынчсыздандырат.

«12 жаштагы өспүрүмдүн күнүнө 50 даана тамеки чегип жатканын элестетсеңер», — деди ал.

Докладда тамекинин басымдуу бөлүгү суу жана айдоо жерлери аз болгон жакыр өлкөлөрдө өстүрүлөөрү жана мындай өсүмдүктөр көп учурда маанилүү азык-түлүк өндүрүшүнүн эсебинен эгилери айтылат.

Тамеки өстүрүү да дүйнөлүк токойлордун кыйылышынын беш пайызга жакынына жана баалуу суу ресурстарынын түгөнүшүнө жооптуу.

Мындан тышкары, чылым, түтүнсүз тамеки жана электрондук тамеки сыяктуу азыктар да пластикалык булгануунун глобалдык топтолушуна олуттуу салым кошоорун эскертти ДСУ.

Тамеки фильтрлери микропластиктерди камтыйт — ар бир океанда, жада калса дүйнөнүн эң терең траншеясынын түбүндө табылган кичинекей сыныктар жана пластиктин булганышынын дүйнөдөгү экинчи түрүн түзөөрү айтылат докладда.

Ошондой болсо да, тамеки өнөр жайынын маркетингине карабастан, ДСУ фильтрленип чыпкаланбаган тамеки чегүүгө салыштырмалуу ден соолукка пайдалуу экенине эч кандай далил жок экенин баса белгиледи.

БУУнун агенттиги дүйнө жүзүндөгү саясатчыларды тамекиден жаралган кесепет менен күрөшүү боюнча ойлонууга үндөдү.

Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму ошондой эле тамеки заттарына салыктарды, анын ичинде экологиялык салыкты күчөтүүгө жана тамеки чегүүнү таштоого жардам берүү үчүн колдоо кызматтарын кеңейтүүгө чакырды.

Ушул жылдын башында БУУнун Климаттын өзгөрүшү боюнча өкмөттөр аралык тобу (IPCC) дүйнө калкынын дээрлик жарымы ансыз да кооптуу климаттык таасирлерге алсыз экенин белгилеген баяндамасын жарыялаган.

Жаңы Зеландиянын өкмөтү 2027-жылдан тарта мыйзамдуу тамеки тартуунун жашын жыл сайын бир жылга жогорулатуу менен 2008-жылдан кийин төрөлгөн адамдарга тамеки сатууга натыйжалуу тыюу салууну пландаштырууда.

Чечим Жаңы Зеландияда тамеки чегүүнү бардык калктар арасында беш пайызга чейин төмөндөтүү үчүн тамекисиз муунду өстүрүүгө багытталган, ал эми 2025-жылга чейин максатка жетүүнү көздөйт.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>