Дубайда үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун талкуулашты

Дубайда үч өлкөнүн энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоорун талкуулашты

26–27-май күндөрү Дубайда  Кыргызстандын, Казакстандын жана Өзбекстандын энергетика министрлери Камбар-Ата-1 ГЭСинин долбоору боюнча тегерек стол өткөрүштү. Бул тууралуу Энергетика министрлиги билдирди.

Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен уюштурулган. Ага аталган өлкөлөрдүн каржы жана суу ресурстары министрликтеринин өкүлдөрү да катышкан.

Жолугушууда Нарын дарыясындагы 1860 мегаваттык Камбар-Ата ГЭС-1 долбоорунун ишке ашыруудагы мындан аркы кадамдар сүйлөшүлгөн. Ошондой эле долбоордун жаңыртылган сметалык наркы, энергетикалык тармактарды модернизациялоо муктаждыктары, эл аралык каржы институттары тарабынан берилүүчү колдоо жана суу-энергетика тармагындагы кызматташтыктын негизги принциптери талкууланган.

«Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандын өкмөттөрү Дүйнөлүк банкка  долбоорду даярдоого техникалык жардам көрсөтүүнү суранышты. Ага техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) жаңыртуу, долбоорду ишке ашыруунун күтүлгөн экологиялык жана социалдык таасирлерин баалоону даярдоо, ошондой эле долбоордун туруктуу каржылоо моделин жана коммерциялык түзүмүн иштеп чыгуу кирет»,- деп айтылат маалыматта.

Дүйнөлүк банктын Борбор Азия боюнча директору Татьяна Проскурякова Дүйнөлүк банк Борбордук Азия мамлекеттеринин суу жана энергетикалык коопсуздук боюнча кызматташтыгын кубаттаарын билдирген.

«Биз Казакстан, Кыргыз Республикасы жана Өзбекстандын бул маанилүү долбоорду ишке ашыруу аракеттерин толук колдойбуз. Камбаратинская ГЭС-1 долбоору регионго жана калкына олуттуу экономикалык жана социалдык пайда алып келет»,- деген ал.

Ал эми үч өлкөнүн энергетика министрлери өз өлкөлөрүнүн бул долбоорду ишке ашырууга болгон берилгендигин билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар долбоорду даярдоонун мындан аркы кадамдары жана мөөнөттөрү боюнча макулдашышып, аймактык кызматташтыкты улантууга жана министрлик деңгээлдеги жолугушууларды дайыма өткөрүп турууга макул болушкан.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>