Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүүдө

Душанбеде КМШ өлкөлөрүнүн өкмөт башчыларынын жыйыны өтүүдө

Бүгүн, 5-июнда Тажикстандын борбору Душанбе шаарында Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйыны өтүүдө. Ага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышууда. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Алгач өкмөт башчылар Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен жолугушту. Андан соң өкмөт башчылардын тар курамдагы жыйыны болуп өттү. Анда алар КМШнын алкагындагы экономикалык кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулап, мындан аркы мамилелерди бекемдөөнүн, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жана кызматташуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү маселесин талкуулашты.

Маалыматка ылайык, КМШ Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйынына төмөнкү өкүлдөр катышууда:

  • Азербайжандын премьер-министри Али Асадов,
  • Арменияны вице-премьер-министри Мгер Григорян,
  • Беларустун премьер-министри Александр Турчин,
  • Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов,
  • Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев,
  • Орусиянын Өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин,
  • Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода,
  • Түркмөнстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Ходжамурат Гельдымурадов,
  • Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов
  • КМШнын Аткаруу комитетинин башкы катчысы Сергей Лебедев.

КМШ Өкмөттөрүнүн башчыларынын кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда улантылып, анда КМШнын алкагындагы кызматташуунун ар кандай багыттагы маселелери каралат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>