Сот аткаруучулар кызматынын жетекчисинин орун басары Кубанычбек Капаловдун жансыз денеси табылдыБШК депутат Курманкул Зулушевди мандатынан ажыратты14-март: Өлкөдө күн ачык болотКыргызстандын товарлары Өзбекстандын рыногуна чыгууда: 500 миң долларлык экспорттук келишимге кол коюлдуДүйнөлүк банк Камбар-Ата-1 ГЭСин курууну аймактын энергетикалык коопсуздугунун негизги фактору деп атадыМаданият кызматкерлеринин айлыгы 35 миң сомго чейин көтөрүлүп, 117 мекемеге кызматтык унаа берилет
“Манас” аэропортуна Душанбеден келген учак конду
14.03.2025 | 14:03
Бүгүн, 14-мартта Тажикстандын борбору Душанбе шаарынан учуп келген жүргүнчү учагы “Манас” эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул тууралуу аталган аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Учуп келген учак Somon Air авиакомпаниясына таандык.
Белгилей кетсек, кечээ, 13-мартта Эмомали Рахмондун Кыргызстанга болгон сапарынын алкагында эки өлкөнүн өкмөттөрү кыргыз-тажик аба каттамдарын жандантуу боюнча келишимге кол коюшкан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар