Дүйнөлүк банк Европада жана Борбор Азияда ИДПнын өсүшү жайлай турганын божомолдоду

08.10.2025 | 15:29

Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө экономикалык өсүш жайлады, бирок аймак глобалдык жана ички кыйынчылыктарга туруктуу бойдон калууда. Мындай маалыматтар Дүйнөлүк банктын жаңы докладында айтылган. Бул тууралуу БУУнун сайтында кабарланды.

Докладка ылайык, 2025-жылы аймактын экономикасынын өсүшү 2,4% болот деп күтүлүүдө. Бул 2024-жылдагы 3,7% көрсөткүчүнө караганда төмөн. Буга негизги себеп аймактын өндүрүшүнүн болжол менен 40% түзгөн Орусиядагы өсүш темпи төмөндөп жатканы болууда. Эгерде Орусияны эсепке албаса, анда өсүш туруктуу бойдон калат.

Дүйнөлүк банктын Европа жана Борбор Азия боюнча вице-президенти Антонелла Бассани белгилегендей, өлкөлөр өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу, жумуш орундарын көбөйтүү жана калктын санынын өзгөрүшүнө ылайыкташуу үчүн реформаларды жүргүзүшү керек. Бул үчүн жеке ишкердикти өнүктүрүү, билим берүү системасын жакшыртуу жана башка өлкөлөр менен байланыштарды чыңдоо маанилүү. Ошондой эле көбүрөөк жеке инвестиция тартуу жана аз айлык акы төлөнгөн кызматтарды келечеги бар туруктуу жумуш орундарга айлантуу зарыл.

Докладда белгиленгендей, ошол эле учурда Борбор Азия менен Түркияда эмгекке жарамдуу адамдардын саны көбөйөт. Бирок бул бул башка көйгөйлөрдү жаратышы мүмкүн. Мисалы, бардыгын жумуш менен камсыз кылуу зарылчылыгы маселеси.

Дүйнөлүк банктын аймактык башкы экономисти Ивайло Изворскийдин айтымында, ар бир өлкө өзүнүн артыкчылыктарына: адамдарга, инфраструктурага жана жаратылыш ресурстарына таянып, өз жолу менен өнүгө алат. Өлкөлөр жумуш орундарын түзүүгө жана эмгек жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө көңүл бурса, бул туруктуу экономикалык өсүшкө жетишүүгө өбөлгө түзөт.

Scroll to Top