Сербияда өтүп жаткан дүйнө чемпионатында кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова (62 кг) чейрек финалга чыкты.
Ал жарышка бүгүн, 12-сентябрда чыгып, беттешти 1/8 финалдан баштады. Биринчи кармашында болгариялык балбан Биляна Дудова менен чыгып, аны 3:2 эсебинде жеңди.
Эскерте кетсек, буга чейин грек-рим күрөшүнөн балбан Жоламан Шаршенбеков (60 кг) чейрек финалга чыккан.