Дүйнө чемпионатына тандоо: Кураманын машыгууларына 31 спортчу чакырылды

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кураманын машыгууларына 31 спортчу чакырылды

Кыргызстандын футбол курамасы дүйнө чемпионатына тандоо оюндарынын үчүнчү баскычынын алкагында 20 жана 25-мартта өтө турган беттештерине даярдык көрүү үчүн машыгууларын баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол бирикмесинен билдиришти.

Машыгууларга жалпы 31 оюнчу чакырылып, кеңейтилген тизмеге кирген. Алар алдыдагы оюндарга даярдык көрүү үчүн Бишкекте машыгууларын баштады. 18-мартта Ташкентке жөнөп кетишет.

Белгилүү болгондой, 20-мартта Кыргызстан конокто Өзбекстан менен жана 25-мартта Бишкекте Катар менен ойнойт.

Кеңейтилген тизме:

Дарбазачылар: Эржан Токотаев, Азирет Ысманалиев, Султан Чомоев, Курманбек Нурланбеков, Артем Прядкин.

Коргоочулар: Тамирлан Козубаев, Амантур Шамурзаев, Валерий Кичин, Эсен Үсөн уулу, Саид Дациев, Християн Браузман, Александр Мищенко, Арслан Бекбердинов, Улан Сулайманов;

Жарым коргоочулар: Одилжон Абдурахманов, Элдияр Зарыпбеков, Гүлжигит Алыкулов, Алимардон Шүкүров, Адилет Каныбеков, Эрбол Атабаев, Амир Жапаров, Айбек Сукеналиев, Арлен Шаршенбеков, Кими Мерк, Эрмек Кенжебаев, Кайрат Жыргалбек уулу, Атай Жумашев, Кай Мерк;

Чабуулчулар: Жоел Кожо, Максат Алыкулов, Мухамад Каримов.

Бул тандоо оюндарында буга чейин Кыргызстан 6 оюн өткөрдү. 3 упайы менен курама өз тайпасында бешинчи орунда турат.

Үчүнчү баскычтын жыйынтыгы менен тайпасында 1-2-орунду ээлеген командалар 2026-жылы өтө турган дүйнө чемпионатына жолдомо алат. 3-4-орунду ээлегендер тандоо оюндарынын төртүнчү баскычына өтөт. Соңку эки орундагы курама жарыштан четтейт.

Дүйнө чемпионатына тандоо: Кыргызстандын келерки беттештери 2025-жылы өтөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>