Дүйнөлүк стандартка туура келген шарт жок Кыргызстанга туристтер эмнеге кызыгат?

Дүйнөлүк стандартка туура келген шарт жок Кыргызстанга туристтер эмнеге кызыгат?

Дүйнө эли Кыргызстанды туристтик өлкө катары таанып, кызыгуусу артып жыл санап, мамлекетибизге каттаган саякатчылардын саны арбап баратат. Албетте, туризм тармагы Кыргызстандын экономикасына зор салым кошуп келет. Заңгыраган 5 жылдыздуу мейманкана, дүйнөлүк стандартка шайкеш келген сервис жок болгонуна карабай, Кыргызстандагы туризм туристтерди эмнеси менен кызыктырууда деген суроо көпчүлүктү эле ойлондурса керек. Бул ирет биз Кыргызстандагы туризм темасына кайрылып, анын оош-кыйыш,артыкчылык жана кемчиликтерин анализдеп көрүүнү чечтик.

Мындан бир аз күн мурун досум чет жактан учуп келди. Аны тосуп алуу үчүн аэропортко барганымда, Манас аэропортунун унаа токтотуучу жайы кадимкидей тартипке салынып, авто сүйүүчүлөр үчүн ыңгайлуу шарт түзүлгөнүнө күбө болдум. Мурдагыдай күтүүчү залга чыгар замат «такси керекпи» деп жулмалаган таксисттер да жок. Кыргызда илгертен «эшигин көрүп төрүнө өт» деген макал аргасыз эске түштү. Себеби аэропорт биздин босогобуз эмеспи. Андан соң аэропорттун ичине киргенимде анда жүргөн ар улуттун өкүлдөрүн көп байкадым. Мурдагы жылдарга салыштырмалуу чет өлкөлүктөр оголе көбөйүптүр. Аңгыча бажы постунан өткөн досум чыга келди. «Кыргызстанда деги эмне болуп жатат, самолетто 5-6 эле  кыргызстандыккелдик, чет элдик туристтер өтө көп. Кыргызстанга эмес, чет мамлекетке келгендей сезим болууда» деди.

Демек, окурман!Кыргызстанда дүйнөнүн төрт бурчунан саякатчыларды кызыктырып, бир көрүүгө зар кылган нерсе бар. Ал эмне деп ойлойсуз? Албетте, ал биздин кооз жаратылышыбыз. Башка жакта жок асман тиреген тоолорубуз, кереметтүү Ысык-Көлүбүз, жашыл кооздукка бөлөнгөн жайлообуз жана шыңгырап аккан таза сууларыбыз.

Дагы бир жагдай, буга чейин Кыргызстанга келүү үчүн виза маселеси кыйынга турса, азыр мындай тоскоолдуктар толугу менен чечилгени да буга себеп.

Акыркыкездерде Кыргызстанда туризмди өнүктүрүү боюнча аракеттер байкалат. Туризм тармагын өнүктүрүү Кыргызстанда артыкчылыктуу багыттардын бири. Кыргызстан жогорку туристтик потенциалга ээ жана туризм тармагын ийгиликтүү өнүктүрүү үчүн бир катар жагымдуу шарттарды түзүүдө.

Бул тармакты өнүктүрүү үчүн 2022-жылы өкмөттүн алдында уставдык капиталы 1 млрд сомду түзгөн “Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фонду” түзүлгөн. Учурда фонд туризм тармагында жигердүү иш алып барууда.

Маалым болгондой, буга чейин америкалык журнал кадимки биздин Ысык-Көл облусунданы Караколду – Борбор Азиянын саякат борбору деп атаган. Мунун башкы себеби, аталган аймак жылдын төрт мезгилинде эс алууга ылайыктуу. Жай мезгилинде жөө экскурсия, кайыкта сүзүү, ат минүү жана параплан менен учуу. Ал эми, кышында аппак карга оролгон бийик тоодогу лыжа тебүү.

Сервис маселесине келсек, албетте бизде укмуш шарттар түзүлгөн деп айтуу кыйын. Бирок биздин кооз жаратылышыбыздын жанында сервис маселеси эч нерсеге арзыбай калат.

Статистикага таянсак, Кыргызстанга келген саякатчылардын басымдуу бөлүгү тоо туризмине басым жасагандар. Мисалы Нарындагы Соң-Көл жайлоосунда да кадимки кыргыздын боз үйлөрү тигилип, туристтерди кабыл алат. Ал жакта турист үзүлбөйт.

Айтылуу Суусамырөрөөнүндө, Ош-Бишкек трассасынын боюнда жыл сайын катар тизилген окшош боз үйлөр пайда болот. Анда ар жылы жай мезгилинде Бириккен Араб Эмираттарынан туристтер келип жайды жайлай жашап кетишет. Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, алар биздин жаратылышыбыздын кооздугуна арбалып, көп жылдан бери бул жерде эс алууну адатка айландырышкан. Өлкө ичинде туристтер байырлаган мындай кооз жерлерибиз жүздөп саналат.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, акыркы 5 жылда Кыргызстанга келген туристтердин саны өскөн. 2023-жылы 2,8 млн кишини түзсө, 2022-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көп. Көрсөтүлгөн туристтик кызматтардын басымдуусу Ысык-Көл облусуна  туура келген. Бул аймакта 1639 эс алуу жана туризм уюму,анын ичинде конок үйлөрү туристтерди кабыл алган.

Баса белгилей кетчү жагдай, биздеги туризм жаатында иш алып барган ишкерлер тейлөө сапатын жогорулатуу зарылчылыгы бар. Себеби чет өлкөлүк саякатчылар жогорку тейлөө сапатына көнгөн жана биздеги тейлөө алардын купулуна анчейин толо бербейт. Ошондой эле англис тилин билүү зарыл талаптардын бири. Себеби ар бир турист жанына бирден котормочу алып жүрө албайт жана биздеги ар бир тейлөөчү англис тилин биле бербейт. Эксперттердин айтымында, мына ушул багытта көбүнчө түйшүк жаралат.

Буга чейин өлкөдөгү саясий абал стабилдүү болбой, көп учурда туристтерди сестентчү. Курч абалдан корккон саякатчылар көп ирет Кыргызстанга келүүдөн баш тарткан учурлар катталган. Азыр абал башкача. Өлкөдө туруктуулук орун алып, саясий аренада бир калыпта иш алып жүрүүдө.  Баштагыдай митинг-пикет дегендер жокко эсе. Албетте мындай көрүнүш туризм рыногуна туруктуулукту камсыз кылат. Бийлик дагы туризм тармагына жакшы көңүл буруп, өлкөдөгү туристтик эс алуу жайларды, санаторийлерди, ошол эле 5 жылдыздуу мейманканаларды, жер-жерлерде эл аралык аэропортторду курууну колго алды. Анчейин каралбаган, жада калса унутта калган туристтик жайларга жаңы өмүр тартууланып, заманбап шарттар түзүлүүдө.

БУУнун Башкы Ассамблеясы  2027-жылды Туруктуу туризмдин эл аралык жылы деп ушул жылдын башында жарыялаганы белгилүү. Резолюция Уюмдун мүчөлөрүн туруктуу туризмди өнүктүрүүгө иштиктүү чараларды жана экологиялык туризм жаатында демилгелерди кабыл алууга милдеттендирет. Бул демилге Кыргызстанга да тиешелүү.

Учурда Кыргызстандын туризм тармагына адистерди даярдоо үчүн 7 жогорку окуу жайы иш алып барууда. Албетте бул жетиштүү эмес. Акырындык менен туризм тармагында билим берген жогорку окуу жайларды көбөйтүү зарылчылыгы келип чыгары турган кеп.

Кыргызстанга кайсы мамлекеттерден туристтер көп келет?

Кыргызстанга негизинен КМШ өлкөлөрүнөн туристтер көп келет. Ал эми, мында башка өлкөлөрдүн жарандары азыраак үлүштү ээлейт 2024-жылы Кыргызстанга келген туристтердин саны 2023-жылга салыштырмалуу 80 миң адамга көбөйгөн, бул республикага туристтик агымдын өсүшүн тастыктайт. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2024-жылы өлкөгө  8 млн 625 миң 86 адам келген, бул 2023-жылга салыштырмалуу 80317ге көп.

Туристтердинэң көп үлүшү Өзбекстандан (61,7%), Казакстандан (28,3%) жана Россиядан (5,6%) келгендер. Бул үч өлкө чогуу Кыргызстанга келген чет элдик туристтердин агымынын басымдуу бөлүгүн камсыздайт.

Алардан тышкары туристтер Кыргызстанга Кытай, Түркия, Индия, Германия, Пакистан, Түштүк Корея, АКШ, ошондой эле Франция, Улуу Британия, БАЭ, Малайзия, Беларусь жана башка өлкөлөрдөн келишет.

Рубрики: МАКАЛАЛАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>