Дзюдо: Бишкекте өтүүчү Азия чемпионатында өлкө атынан Юрий Краковецкий күрөшөт

Дзюдо: Бишкекте өтүүчү Азия чемпионатында өлкө атынан Юрий Краковецкий күрөшөт

6-апрелде старт ала турган дзюдо боюнча Азия жана Океания чемпионатында Кыргызстандын улуттук курама командасынын атынан күрөшө турчу спортчулар белгилүү болду.

Мырзалар арасында төмөнкү спортчулары катышат:

  1. Кубанычбек Айбек уулу, СЧ, 60 кг;
  2. Отар Бестаев, ЭДСЧ, 60 кг;
  3. Артур Те, ЭДСЧ, 66 кг;
  4. Байбол Саламат уулу, СЧТ, 66 кг;
  5. Бексултан Султанов, СЧ, 73 кг;
  6. Владимир Золоев, ЭДСЧ, 81 кг;
  7. Эрлан Шеров, СЧ, 90 кг;
  8. Юрий Краковецкий, ЭДСЧ, 100 кг жогору;
  9. Бекболот Токтогонов, ЭДСЧ, 100 кг жогору.

Кыз-келиндер курамасы:

  1. Айсулуу Мусакунова, СЧ, 48 кг;
  2. Жанар Жолдошева, СЧ, 48 кг;
  3. Сауле Алмазова, СЧ,52 кг;
  4. Адина Кочконбаева, СЧ, 57 кг;
  5. Ксения Бельдягина, СЧ, 57 кг;
  6. Ажар Исаева, СЧ, 63 кг;
  7. Айжан Кадырбекова, СЧ, 63 кг;
  8. Нагира Сарбашова, ЭДСЧ, 78 кг жогору.

Белгилей кетсек, чемпионатта жалпы 15 комлект медаль ойнотулат. Мелдештер көрүүчүлөрсүз өтүп, бардык санитардык-эпидемиологиялык талаптар сакталары айтылат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>