ЕАЭБ боюнча Казакстанда бензин эң арзан

ЕАЭБ боюнча Казакстанда бензин эң арзан

Казакстанда АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин бир литринин орточо баасы 34,5 сомду түзөт (Улуттук банктын курсу боюнча). Бул ЕАЭБдеги эң төмөн баа, деп билдирди Монополияга каршы мамлекеттик кызматы.

Мекеменин маалыматы боюнча, Орусияда ушул эле маркадагы бензиндин орточо баасы 53,9 сомду, Кыргызстанда 57,5 ​​сомду, Беларусияда 67,2 сомду, Арменияда 78,7 сомду түзөт.

Дизель майынын баасы төмөнкүчө:

  • Казакстан — 40,3 сом;
  • Кыргызстан — 51,7 сом;
  • Орусия — 58,7 сом;
  • Беларусь — 70,6 сом;
  • Армения — 77 сом.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>