ЕАЭБ менен Индонезия эркин соода жөнүндө келишимге кол коюшту

25.12.2025 | 16:08

Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын алкагында аймактын тышкы экономикалык ишмердүүлүгү үчүн тарыхый окуя болду: Евразия экономикалык биримдиги менен Индонезия Республикасы Эркин соода жүргүзүү жөнүндө макулдашууга кол коюшту.

Кыргыз Республикасынын атынан документке Министрлер кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев кол койду. Бул стратегиялык документтин үстүндө иштөө 2022-жылдын декабрында башталып, жыйынтыгында ата мекендик экспорттоочулар үчүн түп-тамырынан бери жаңы, жеңилдетилген шарттарды түзүү менен аяктады.

Макулдашуунун негизги жыйынтыгы сооданы масштабдуу либералдаштыруу болду: Индонезия товардык номенклатуранын 90%ына карата тарифтик преференцияларды (жеңилдиктерди) берди. Натыйжада ЕАЭБден барган товарлар үчүн киргизүү бажы алымдарынын орточо салмактанып алынган деңгээли беш эсеге — 10,2%дан 2%га чейин төмөндөйт.

Бул Кыргызстандын артыкчылыктуу экспорттук позициялары үчүн «жашыл коридор» ачат. Аларга: эт (уй жана кой эти), сүт азыктары, жашылча-жемиштер, ошондой эле жеңил өнөр жай буюмдары жана электротехника кирет.

Кыргыз товарлары үчүн Индонезия тарабынан алымдардын орточо деңгээли 11%га төмөндөтүлдү, ал эми бир катар позициялар боюнча чендер толугу менен жоюлду. Бул ата мекендик продукциянын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн кыйла жогорулатат.

Ошол эле учурда келишим тең салмактуу мүнөзгө ээ: ички экономиканын эң аялуу секторлорун коргоо үчүн 141 товардык позиция боюнча өзгөчөлүктөр (алымдар сакталып калган учурлар) каралган. Бул импорттун кескин агылып киришинен келип чыгуучу тобокелдиктерден качууга шарт түзөт.

Мындан тышкары, документ өз ара аракеттенүүнүн ийкемдүү механизмдерин, анын ичинде бартердик соода мүмкүнчүлүгүн киргизет, бул валюталык тобокелдиктерди жана доллардык ликвиддүүлүккө болгон көз карандылыкты азайтат. Тараптар ошондой эле процесстерди масштабдуу санариптештирүүнү: электрондук документ жүгүртүүнү киргизүүнү, ыйгарым укуктуу экономикалык операторлорду өз ара таанууну жана жол-жоболорду тездетүү үчүн бажылык көзөмөл чараларын унификациялоону макулдашышты.

Scroll to Top