Олимпиада чемпиону Андрей Зубарев Кыргызстанда хоккей боюнча мастер-класс өткөрөтМинистрлик: Бардык окуу китептери электрондук форматта жеткиликтүүКара-Балтада 6 жаштагы баланы сүзгөн келин 6 жылга эркинен ажыратылдыКыргызстан менен Түштүк Корея кол өнөрчүлүк жаатында кызматташуу боюнча меморандум кабыл алыштыТак борбордо ашкана салууга жол берилбейт! Бишкектиктер үйүнүн жанындагы курулушка нааразыХоккей боюнча олимпиада чемпиону Андрей Зубарев Кыргызстанга келди
ЕЭК сүт азыктарынын эл аралык стандарттары боюнча жаңыланган программаны бекитти
04.09.2025 | 16:01

Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) коллегиясы Бажы союзунун «Сүт жана сүт продукцияларынын коопсуздугу жөнүндө» техникалык регламентине мамлекеттер аралык стандарттарды иштеп чыгуу боюнча Программанын жаңы редакциясын бекитти. Бул тууралуу ЕЭКтин басма сөз кызматы билдирди.
Программада ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин сунуштары жана 2022-жылы бекитилген мурунку версиянын аткарылышын эске алуу менен даярдалган.
Программанын жаңы редакциясына ылайык, 2029-жылдын аягына чейин 73 жаңы мамлекеттер аралык стандарт иштелип чыгат. Алардын ичинен 60 долбоорду Орусия, тогуз долбоорду Казакстан, эки долбоорду Армения даярдайт.
Мындан тышкары, улуттук сүт азыктарына байланыштуу эки стандарттын долбоорун Казакстан менен Кыргызстан чогуу даярдашат.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика