Нарында биринчи жолу кан тамырларды изилдеген ангиограф аппараты ишке киретКРда iDyikan ишке кирет: тиркеме тууралуу министр айтып бердиОшто үйлөрү бузулган үй-бүлөлөргө «Эне-Сай» конушунан турак жайлар берилдиТаш-Көмүр жана Кара-Көлдүн тургундары президентке көйгөйлөрүн айтып бериштиМисирдин Кыргызстандагы жаңы элчиси болуп Самех Фарук Мохамед Шехата дайындалдыАлдамчылыкка шектелген БШКнын депутаты үй камагына чыгарылды
Күрөш федерациясынын улуттук курамасына жаңы жетекчи дайындалды
04.09.2025 | 16:09

Кыргыз Республикасынын Күрөш федерациясынын президентинин буйругуна ылайык, Адиев Миржигит Замирбекович улуттук курама командасынын жетекчиси болуп дайындалды.
Федерациянын маалыматына ылайык, Миржигит Замирбек уулу жогорку юридикалык билимге ээ, эркин күрөш боюнча спорт чебери. Ал спорттук чөйрөдө чоң тажрыйбанын ээси, ошондой эле бардык күрөш түрлөрү боюнча улуттук командаларды өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө чоң салым кошору күтүлүүдө.
“Федерация анын жетекчилиги менен улуттук курама командалар жаңы бийиктиктерге жана эл аралык ареналарда жеңиштерге жетишет деп терең ишеним артууда”,-деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт