Эл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болотКыргызстанда айына 1000 тонна продукция чыгаруучу заманбап сүт заводу курулат
Eagle FC: Бусурманкул Абдибаит уулу чемпиондук курунан ажырады
09.08.2022 | 14:59
Eagle Fighting Championship лигасынын чемпиону Бусурманкул Абдибаит уулу (65,8 кг) чемпиондук курунан ажырады. Бул тууралуу аталган лигадан билдиришти.
Таразага түшүүдө Бусурманкул Абдибаит уулунун салмагы жарым жеңил салмак (65,8 кг) категориясынан 1,4 килограммга оор болуп калгандыктан, лиганын эрежесине ылайык ал чемпиондук курунан ажыратылган.
Эскерте кетсек эртең, 10-августта Бусурманкул Абдибаит уулу россиялык мушкер Расул Магомедовге каршы беттеште чемпиондук курун коргомок. Кыргызстандык мушкер чемпиондук курунан ажыратылганына карабай, таймаш өткөрүлөт жана ал титулдук деп эсептеле берет.
Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle FC’нин чемпиондук курун былтыр Ысык-Көлдө өткөн мелдеште россиялык Руслан Яманбаевден тартып алган.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом