Өнөр жай, социалдык объектилерди жана суу сактагыч куруу: Президент Араван районун өнүктүрүү пландары менен таанышты12-апрелге карата аба ырайыАйга учкан «Артемида-2» миссиясынын экипажы Жерге кайтып келдиӨздөрүн УКМКнын кызматкери катары тааныштырып, алдап кетишкен. Бишкекте шектүү жаран кармалдыИнвестициялар боюнча улуттук агенттикте түрк ишканасы менен «жашыл» долбоорлорду каржылоо маселеси талкууланды11-апрель: Айрым аймактарда жаан жаашы күтүлөт
Эдил Байсалов: Айлык, пенсия жана жөлөк пулдар үч эсе өсөт
15.07.2025 | 16:43

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов алдыдагы 10 жыл ичинде Кыргызстанда айлык маяналар, пенсия жана жөлөк пулдар кеминде үч эсеге көбөйөрүн билдирди.
Ал “Биринчи радиого” курган маегинде мындай деди:
“Токчулукта жашайбыз. Ар бир үй-бүлө жылына жок дегенде бир жолу чет өлкөдө эс алса дейбиз. Апаларыбыз кышында Таиланд болобу, башка дүйнөлүк курортторго барып эс алып келишсе — муну каалайбыз.”
Байсаловдун айтымында, эгер Кыргызстан жылына 9–10% экономикалык өсүштү камсыз кыла алса, жакынкы 2–3 жылда Казакстандын жашоо деңгээлине жетүүгө мүмкүн.
Ошондой эле ал мугалимдер, дарыгерлер, журналисттер жана башка социалдык кызматкерлердин турмушун жакшыртуу өкмөт үчүн приоритеттүү багыт экенин белгиледи.
Рубрики: Жаңылыктар, Экономика