«Манас» аэропортун реконструкциялоого 130 млн доллар сарпталатУКМК: Баткен облусунда Тажикстанга малды мыйзамсыз өткөрүү каналы аныкталдыКыргызстанда майыптыгы бар адамдарды жумушка алуудан баш тарткандар үчүн айып салуу сунушталууда — мыйзам долбоору2027-жылы Жогорку Кеңештин чыгымдары 216 млн сомго көбөйтүлөтКочкордон чыккан көмүр Бишкек ЖЭБине темир жол аркылуу биринчи жолу жеткирилдиБишкекте балдардын КРВИ оорусу боюнча телефон аркылуу кеңеш берүү кызматы ишке кирди — байланыш номурлары
Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курамасына Йоахим Лёв башкы машыктыруучулук кылышы мүмкүн
15.07.2025 | 17:35

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы белгилүү германиялык адис Йоахим Лёвду башкы машыктыруучулук кызматына караштырып жатат. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазууда.
Маалыматка ылайык, учурда Өзбекстан футбол ассоциациясы Йоахим Лёв менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат.
65 жаштагы адис 2014-жылы Германиянын улуттук курама командасын дүйнө чемпиону кылып, ошол жылы ФИФА тарабынан дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу деп таанылган. Лёв 2021-жылдын март айында Германия курама командасынын башчылыгынан кеткен жана ошондон бери эч жерде иштеген эмес.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт