ЕЭК жана Россиянын Транспорт министрлиги темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүүгө киришип жатат
Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) энергетика жана инфратүзүм боюнча Коллегия мүчөсү Арзыбек Кожошев менен Россиянын транспорт министри Андрей Никитин жолугушуу өткөрүштү. Анда Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагындагы транспорттук өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү маселелери талкууланды. Тараптар биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун жүрүшүн карап чыгышты жана жакынкы жылдарга артыкчылыктуу багыттарды белгилешти.
Жолугушуунун негизги маселелеринин бири — 2027–2029-жылдарга карата ЕАЭБдин транспорттук саясаты боюнча жол картасын даярдоо болду. Иштин негизги багыттары катары төмөнкүлөр аныкталды:
- санариптик өнүктүрүүнү ченемдик-укуктук жөнгө салуу;
- транспорт чөйрөсүнө учкучсуз технологияларды киргизүү;
- автономдуу тутумдардын иштеши үчүн бирдиктүү стандарттарды жана ченемдерди иштеп чыгуу.
Диалогдун катышуучулары документтерди санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бурушту. Учурда электрондук эл аралык транспорттук коштомо кагаздарды (e-CMR) киргизүү боюнча долбоорлор иштелип жатат. Мындан тышкары, темир жол контейнердик ташууларын санариптештирүү боюнча пилоттук долбоорду ишке киргизүүгө жигердүү даярдык көрүлүүдө.
Жолугушууда навигациялык пломбаларды колдонуу маселеси да козголду. Эскерте кетсек, үстүбүздөгү жылдын 11-февралынан тарта Кыргызстанда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө электрондук навигациялык пломбаларды колдонуу менен жүктөрдү милдеттүү түрдө көзөмөлдөө башталган. Бул механизм биримдиктин ичинде товарлардын кыймылынын ачык-айкындуулугун жогорулатууга багытталган.
Андрей Никитин ЕАЭБдин транспорттук органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин алдыдагы жыйынына байкоочу мамлекеттердин өкүлдөрүн чакыруу демилгесин колдоду. Бул биримдиктин транспорттук саясатынын алкагында байланыштарды чыңдоого жана тажрыйба алмашууга өбөлгө түзүүгө тийиш.
ЕЭКтин маалыматы боюнча, жолугушуу ЕАЭБ өлкөлөрүнүн транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин Кеңешинин ишинин алкагында өттү жана бирдиктүү технологиялык транспорттук мейкиндикти түзүү боюнча аракеттерди координациялоого багытталды.