Дизель-Форумдун модератору Егор Паньшиндин жансыз денеси табылды

Дизель-Форумдун модератору Егор Паньшиндин жансыз денеси табылды

Бишкектин  “Асанбай” кичирайонунда эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу шаардык милициянын басма сөз кызматы билдирди.

Европа түспөлүндөгү эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат милицияга,13-октябрда саат 9:30 чамасында түшкөн.

Окуя болгон жерге ыкчам топ барганда эркек адамдын жансыз денеси тизелеп отурган абалда  болгон. Анын мойнунда электр узарткычы оролуп, бир учу бакка байланып турган.

Көп өтпөй каза болгон адамдын өздүгү такталып, ал майрамдык иш-чаралардын уюштуруучусу жана Дизель-Форумдун модератору 44 жаштагы Егор Паньшин экени аныкталган.

Тергөөнүн баштапкы маалыматына ылайык, акыркы күндөрү маркумдун карызы көбөйүп, жумушунда жана жашоосунда көйгөйлөрү болгон.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>