2020-жылдын 1-мартынан тартып «Эйр Манас» авиакомпаниясы Бишкек-Ош-Бишкек каттамын токтотот. Бул тууралуу Транспорт жана жол министрлигине караштуу Жарандык Авиация аненттиги билдирди.
Маалыматка ылайык, «Эйр Манас» авикомпаниясы өндүрүштүк муктаждыкка байланыштуу Бишкек-Ош-Бишкек каттамын токтотот. Буга чейин рейстерге билеттерди сатып алган жүргүнчлөр, КРнын авиация эрежесине ылайык акча каражаттарын кайтарып ала алышат.