«Кумтөрдүн» таза пайдасы 706 млн долларды түздүКыргызстан 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча КМШда экономикалык өсүш ыргагы боюнча лидер болдуМурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлду
Экономика министри Франциянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушту
27.05.2025 | 12:20
Бакыт Сыдыков Франциянын MEDEF Ишкерлер кеңешинин делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, анын курамына курулуш, темир жол инфраструктурасы, энергетика жана консалтинг тармагындагы ири француз компанияларынын өкүлдөрү кирген.
Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү перспективалары талкууланды.
Кыргыз тарап экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде тоо-кен тармагын жана инфраструктуралык долбоорлорду сунуштады.
Рубрики: Жаңылыктар