Экономика министри Франциянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Экономика министри Франциянын бизнес өкүлдөрү менен жолугушту

Бакыт Сыдыков Франциянын MEDEF Ишкерлер кеңешинин делегациясы менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү, анын курамына курулуш, темир жол инфраструктурасы, энергетика жана консалтинг тармагындагы ири француз компанияларынын өкүлдөрү кирген.

Министрликтин маалыматына ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө кызматташтыкты кеңейтүү, жаңы инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү жана өнөктөштүк мамилелерди өнүктүрүү перспективалары талкууланды.

Кыргыз тарап экономиканы өнүктүрүүнүн негизги багыттарын, анын ичинде тоо-кен тармагын жана инфраструктуралык долбоорлорду сунуштады.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>