Экс-депутат Бөдөш Мамырованын жолдошу каза болду — Некролог

Экс-депутат Бөдөш Мамырованын жолдошу каза болду — Некролог

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Бөдөш Мамырованын жолдошу Сакиев Кадырбек мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.

Ал Кыргызстандын Улуттук илимдер академиясынын геология институтунун директору, геолого-минералогия илимдеринин доктору, Орусия табият илимдери академиясынын ардактуу академиги болчу.

Кадырбек Сакиев Серго Орджоникидзе атындагы Россия мамлекеттик геологиялык чалгындоо институтун бүтүргөн. Эмгек жолун  Улуттук илимдер Академиясынын геология институттунда жөнөкөй кызматкерден баштап, жетекчилик кызматтарга чейин көтөрүлгөн. Анын 200гө жакын илимий эмгектери, макала жана китеп түрүндө жарыяланган.

Анын жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө ар дайым сакталат. Өрнөктүү өмүрү, жасаган иштери, келечек муунга сабак болот.

Маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза-кайгысын тең бөлүшөбүз. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун.

Асылбек Жээнбеков, Каныбек Бокоев, Улугбек Ормонов, Азамат Арапбаев, Искендер Матраимов, Каныбек Иманалиев, Кожобек Рыспаев, Курманкул Зулушев, Закир Шарапов, Улан Примов, Таалайбек Масабиров, Надир Каримов, Данияр Төлөнов, Исмаил Исаков, Нурманбет Токтоматов, Ахматбек Келдибеков, Курманбек Осмонов, Камчыбек Ташиев, Бекболот Талгарбеков, Турсунбай Бакир уулу, Надира Нарматова, Марат Султанов, Нурлан Сулайманов, Жылдызкан Жолдошева, Элмурза Сатыбалдиев, Рысбек Мирзаматов, Нариман Түлеев, Марат Кайыпов, Урмат Аманбаева, Камила Талиева, Нурлан Турсункулов, Жаныбек Бекназаров, Иман Кочкорбаев, Кубанычбек Кадыров, Равшан Сабиров,  Нурзат Осмонова, Жумабек Салымбеков, Амантур Молдоташов, Керим Сарбашев, Руслан Исаков, Нурлан Максутов, Каныбек Темиров, Алтынбек Жумаев, Медербек Сатыев, Таалайбек Рысалиев.

Маркумду акыркы сапара узатуу зыйнаты бүгүн,  18-апрелде Базар-Коргон районунда болуп  өттү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>