Документтерди жасалмалап, үй ээлерин жана каржы мекемелерин алдап жүргөнү үчүн эл аралык издөөдөгө алынган жаран Орусиядан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.
[su_quote]Ош облусунун 41 жаштагы тургуну 2010-жылы жеке нотариус менен алдын ала сүйлөшүп алып, турак-жайдын ээсинин жеке макулдугу жок, өзү үй ээсинин колун жасап койгон, ал эми 2012-жылы кыймылсыз мүлктү банкка коюп, 300 000 сом өлчөмүндөгү насыяны өз жубайына каттаган. Андан соң, акча каражатын алгандан кийин ан өз керектөөсүнө коротуп, банкка материалдык чыгым келтирген.[/su_quote]
Азыркы учурда шектүүнү Кыргызстанга алып келүү аракеттери жүргүзүлүүдө.