Эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Польшада кармалды

Эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Польшада кармалды

Интерполдун Кыргызстандагы улуттук борбордук бюросу тарабынан эл аралык издөөдө жүргөн кыргыз жараны Польшада кармалды. Бул тууралуу Ички штер министрлигинен билдиришти.

Белгилүү болгондой, быйыл Польшанын Интерполу тарабынан 41 жаштагы Румыниянын Vasile B. аттуу жараны кармалган. Бирок укук коргоо органдарынын кызматкерлери анын жанынан 42 жаштагы Руслан И. аттуу жаранга таандык башка документтерди табышкан. Ага байланыштуу ИИМдин маалымат базалары боюнча манжа издери боюнча текшерүү жүргүзүлүп, анын чыныгы аты-жөнү аныкталган – ал 41 жаштагы Булат Манасбаев болуп чыккан.

«Ал Жалал-Абад облусунун тургуну, Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгы тарабынан Жазык кодексинин 166-беренесине (алдамчылык (КР КЖКнын 1997-ж. редакциясы боюнча) ылайык кылмыш жасагандыгы үчүн издөөдө жүргөн», — деп айтылат маалыматта.

Учурда Башкы прокуратура тарабынан аны Кыргызстанга экстрадициялоо  боюнча иштер алынып барууда.

Ошол эле учурда кармалган жарандын Кыргызстанда алдамчылык сыяктуу башка кылмыш фактыларына катыштыгы бар же жок экендигин териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Мындан улам, Ички иштер министрлиги аталган жарандын кылмыштуу иш-аракеттери жөнүндө кандайдыр бир маалыматы барлар жабыр тарткандар болсо, 0312 66 06 96 же 102 номерине байланышууну суранат.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>