Эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды

Эл сүрөтчүсү Бекбосун Жайчыбеков акыркы сапарга узатылды

Бүгүн, 8-сентябрда Кыргыз Республикасынын мамлекеттик туусунун авторлорунун бири, эл сүрөтчүсү, “Даңк” медалынын ээси Бекбосун Жайчыбековду акыркы сапарга узатуу зыйнаты Т. Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында өттү.

Узатуу зыйнатына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Кыргыз Республикасынын сүрөтчүлөр союзунун төрагасы Жакшыбек Джунушев, жакындары жана замандаштары катышты.

Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлду.

Эске салсак, Бекбосун Жайчыбеков 6-сентябрда 76 жаш курагында узакка созулган оорудан кийин дүйнөдөн кайтты.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>