Эльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү суранды

Бүгүн, 4-мартта, Жогорку Кеңештин отурумунда депутат Эльвира Сурабалдиева 8-март – Аялдарын эл аралык күнүндө өтө турган жөө жүрүшкө уруксат берүүнү суранды.
Эл өкүлүнүн айтымында, ага жүрүштүн уюштуруучулары расмий кат менен кайрылып, иш-чара зордук-зомбулукка каршы туруу, айымдардын үнүн жеткирүү жана айымдарды колдоо максатында өтөрүн айтышкан. Мындан улам Сурабалдиева ИИМге жана Бишкек шаарынын мэриясына кайрылып, иш-чарага тоскоолдук кылбоону суранды.
“Көбүнчөсү айымдар, аялдар жана жаш кыздар катышат да. Эми биз аялдардан коркпойбуз го. Ошол туура кабыл алып, ушуну жөнгө салып, уруксат эле берип коюңуздардеп суранат элем.
Жүрүштүн башына, аягына ГАИ машинесин берип коёлу. Анан биздин улуттук нарк-насилге туура эмес кадамдар болот деген ой-пикирлерден алыс бололу. Жакшы демилге менен жаз майрамын жакшы тосуп алалы мен суранам”,-деди депутат айым.