Эмгек министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча аткарылып жаткан иштерди билдирди

Эмгек министрлиги мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды колдоо боюнча аткарылып жаткан иштерди билдирди

Кыргызстанда 218 миңден ашык мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жашайт, алардын 37 миңден ашыгы балдар экенин Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө 2019-жылдан бери БУУнун Майыптардын укуктары жөнүндө конвенциясынын катышуучусу болуп эсептелет.

Министрлик мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарды колдоо боюнча жүргүзүлүп жаткан негизги чаралар жана реформалар тууралуу маалымат берди.

Системалуу мамлекеттик иштер:

— Майыптардын укуктарын коргоо үчүн Министрлер кабинетинин алдында атайын кеңеш түзүлгөн. Анын курамында майыптар жана жарандык коомдун өкүлдөрү бар.

— Бардык жарандарга тең мүмкүнчүлүк түзүү максатында “Жеткиликтүү өлкө” мамлекеттик программасы 2023–2030-жылдарга кабыл алынган. Ал билим берүү, саламаттык сактоо, транспорт, иш менен камсыз кылуу, маданият жана спорт тармактарын камтыйт.

Медициналык-социалдык экспертизаны (МСЭК) реформалоо:

  • 2025-жылдын апрелинде жаңы токтом кабыл алынып, экспертизадан өтүү тартиби жөнөкөйлөштүрүлдү.
  • Жеке реабилитация программасынын электрондук формасы ишке киргизилди.
  • Ведомстволор маалыматтарды “Тундук” санариптик системасы аркылуу бөлүшүүдө.
  • Соттолгондор үчүн да майыптык экспертизадан өтүү шарттары түзүлдү.

Укуктук жана социалдык колдоо чаралары:

  • ВИЧ-диагнозу бар балдарга жөлөкпул каралган.
  • Оор диагнозу бар жарандар үчүн майыптыкты кайра кароонун кажети жок (мисалы, Даун синдрому, аутизм, көрүү жана угуу бузулуулары).
  • Эми “майып адам” дегендин ордуна “ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адам” деген термин расмий колдонулат.

Куралдуу кагылышуулардан жабыркагандарды колдоо:

  • Баткендеги 2021–2022-жылдардагы куралдуу чыр-чатактарда жабыркагандарга майыптык алуу жол-жобосу жөнөкөйлөштүрүлдү.

МСЭКти модернизациялоо – 100 күндүк план:

  • Автоматташтырылган маалымат алмашуу системасы киргизилүүдө;
  • Майыптыктын электрондук реестри түзүлүүдө;
  • Документ тапшырууда жөнөкөйлөтүлгөн шарттар жана мамлекеттик органдарга баруу зарылдыгын азайтуу максатында иштер жүрүүдө.

Бул иштер Эмгек министрлигинин 2025-жылдын 19-мартындагы №53 буйругу менен бекитилген атайын 100 күндүк пландын алкагында жүргүзүлүүдө.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>