Мурдагы депутат Кубанычбек Конгантиев эки айга камалдыЖактоочу ири өлчөмдөгү алдамчылыкка шектелип кармалдыБишкекте Кыргызстандын универсиадасы өтүүдөКыргызстанга 31 млн сомдон ашык суммадагы БАДдарды мыйзамсыз алып кирүү аракетине бөгөт коюлдуАуэзов көчөсүндөгү соода күркөлөрү алынып, ордуна сквер курулатКыргызстандыктар кайсы тармактарда эң көп киреше табышат?
Эми Бишкектен Балыкчыга күн сайын поезд каттай баштайт
11.06.2022 | 17:10
17-июндан тарта Бишкектен Балыкчыга поезд каттай баштайт. Бул тууралуу “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 17-июнунан 17-июлуна чейин жума, ишемби, жекшемби күндөрү, ал эми 18-июлдан 31-августка чейин күн сайын Бишкек-2 – Балыкчы багытындагы өлкө ичиндеги жүргүнчү поезди каттай баштайт.
“№608 “Бишкек-2 – Балыкчы” поезди Бишкектен саат 07:40та чыгып, Балыкчы станциясына саат 11:42де жетет, ал эми № 609 “Балыкчы – Бишкек-2″ поезди Балыкчыдан саат 17:48де чыгып, Бишкекке 21:50дө келет”, – деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом