Салык кызматы салыктык карыздар тууралуу маалыматты уюлдук операторлор аркылуу, тактап айтканда SMS-каттар менен жөнөтүү кызматын ишке киргизүүдө.
Маалыматка ылайык, Салык кызматы салык төлөөчүлөрдү карыздар жана башка маанилүү маалыматтар жөнүндө ыкчам кабардар кылуу үчүн уюлдук байланыш операторлору менен кызматташууда.
Эми салык инспекторунун билдирүүсү автоматтык түрдө алгач cabinet.salyk.kg сайтындагы салык төлөөчүнүн жеке кабинетине, андан кийин салык төлөөчүгө SMS-билдирүү түрүндө жөнөтүлөт.
Салык кызматы уюлдук операторлор билдирүүлөрдүн текстин өзгөртпөй, Салык кызматы жибергендей жөнөтүшөрүн билдирди.
Көңүл буруңуз:
— Расмий жөнөтүүчүнүн аталышы: GNS KR (SMS-билдирүү ушул даректен келиши керек)
— Билдирүүлөрдө шилтемелер, телефон номерлери же башка байланыш маалыматтары болбойт;
— Салык кызматы салык төлөөчүлөргө жалпы билдирүү жиберүү үчүн үчүнчү жактын кызматтарын же платформаларын колдонбойт.
Салык кызматы жарандардан сак болууну, жөнөтүүчүнүн расмий аталышы жазылган билдирүүлөргө гана ишенүүнү жана салык төлөөчүнүн кабинетиндеги маалыматты өз убагында текшерүүнү суранды.