Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Эми Tunduk тиркемесинен дипломдорду электрондук түрдө алууга болот
04.08.2025 | 14:36

Эми Tunduk тиркемесинен жогорку билим тууралуу дипломдун электрондук форматын алууга болот. Бул тууралуу Агартуу министрлиги кабарлады.
Маалыматка ылайык, алгачкы этапта системага ушул жылы берилген дипломдор тууралуу маалыматтар киргизилди. Демек 2025-жылдын бүтүрүүчүлөрү дипломдорун Tunduk мобилдик тиркемесинин ”Документтер” бөлүмүнөн ала алышат.
Учурда мурдагы жылдары берилген дипломдордун санарип форматын жайгаштыруу иштери жүрүп жатат.
“Эми мамлекеттик органдар жана кызыкдар уюмдар жарандардан кагаз түрүндөгү көчүрмөлөрдү берүүнү талап кылбастан, берилген дипломдор тууралуу маалыматтарды электрондук форматта ыкчам жана ыңгайлуу түрдө ала алышат”,- деп айтылат маалыматта.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом