Эмилбек Каптагаев: Фейктердин жазганына көңүл бурбайм

Эмилбек Каптагаев: Фейктердин жазганына көңүл бурбайм

25-ноябрда премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин буйругу менен Эмилбек Каптагаев Улуттук стратегиялык изилдөөлөр институтунун директору болуп дайындалды.

Буга чейин аталган кызматты Кубанычбек Шадыбеков ээлеп турган.

«Репоертер» агенттиги Эмилбек Каптагаевге байланышып, ишти эмнеден баштарына кызыгып көрдү.

“Кызматка барып бир сыйра таанышып чыгайын, андан соң эмне иштер жасалышы керек экенин айтып берейин”, — деди Каптагаев.

Ал эми анын кызматка келишине карата ар кандай сын-пикир айткандарга төмөндөгүдөй жооп узатты.

“Мага карата сын-пикир жазып жактандардын айрымдарын окудум. Алардын көбү эле аты-жөнү жок, ким экени белгисиз фейктер экен. Мен алардын жазганына көңүл деле бурбайм”, — деди Каптагаев.

Эмилбек Каптагаев буга чейин (2013-2016-ж.ж) Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматын аркалаган.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>