Ибраимов Айбек Султанович Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигенен билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 13-июлда жаңы жетекчи жамаатка тааныштырылды.
Айбек Ибраимов бул кызматка министрлер кабинетинин төрагасынын буйругу менен дайындалды. Буга чейин ал Бишкек шаардык саламаттыкты сактоо департаментинин директору болуп иштеген.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз