Бишкекте Reporter.kg маалымат агенттигинин колдоосу менен «Дүйнөнү өзгөрткөн айым» сыйлыгынын лауреаттары сыйландыБишкектеги №39 мектеп капиталдык оңдоодон кийин ачылдыКР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жетекчиси алмашып, министрлик кызматка талапкер аныкталдыМыктыбек Илебаев «Учур» мамлекеттик жаштар театрынын директору болуп дайындалдыБШК Жогорку Кеңештин депутаты Куванычбек Конгантиевди мандатынан ажыраттыКыргызстанда расмий түрдө Лянга федерациясы түзүлдү
Энергетика министрлиги быйыл көмүр менен камсыздоо үзгүлтүксүз болорун айтты
06.11.2025 | 10:10
Энергетика министри Таалайбек Ибраев «Кыргызкөмүр» мамлекеттик ишканасынын Балыкчы филиалына барып, көмүрдүн кору жана аны жылуулук электр борборлоруна жеткирүү иштеринин жүрүшү менен таанышты.
Министр эл үчүн жеткиликтүү баада сапаттуу көмүрдү отун базаларына үзгүлтүксүз жеткирүүнү камсыздоону, айдоочулар үчүн кошумча орундарды ачып, күндүзгү жана түнкү сменалык ишти уюштурууну тапшырды. Бул чаралар күз-кыш мезгилинде отун тартыштыгын алдын алуу максатын көздөйт.
Энергетика министрлигинин маалыматына караганда, быйыл жыл башынан бери «Кыргызкөмүр» 770,5 миң тоннадан ашуун көмүр казып чыгарган. Анын ичинен болжол менен 430 миң тонна элге жеткирилсе, 476 миң тонна жылуулук электр борборлоруна жөнөтүлгөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом