КР энергетиктери 2026-жылы 13 кичи ГЭСти ишке киргизет — аймактардын тизмесиЖК комитети баатыр энелердин балдарына жеңилдиктерди берүү долбоорун жактырдыСогуштун жыты бар, бирок коркуу жокОшто Алымбек Датка көчөсүнө веложолу бар тротуар куруу иштери башталдыБакиев мени премьер-министрлик кызматтан «алдап кеткенине» өкүнбөйм — КуловБишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты аяктады. Кыргызстандын капчыгында 5 алтын бар
Эркек киши унаанын ичинде кысылып калган, экөө жерде жатат. Бишкекте жеңил унаа Howo менен кагышты
01.12.2025 | 16:57
Бишкекте үрөй учурган жол кырсыгы катталып, алдын ала маалыматтар боюнча, үч адам жабыркады. Окуя болгон жерден тартылган видео социалдык тармактарда тарады.
Кадрларда жолдун ортосунда бир аялдын, ал эми жол жээгинде дагы бир жабырлануучунун жатканы, ошондой эле жеңил унаанын ичинде эркек киши кысылып калгандыгы көрүнөт.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кырсык «Төмөнкү Ала-Арча» конушундагы Кыргыз көчөсүндө болгон. Жеңил унаа менен Howo жүк ташуучу унаасы кагышкан. Кайгуул кызматы окуя болгон жерге тескөөчүлөр жөнөтүлгөнүн билдирди. Кошумча маалымат берилери айтылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар