Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун 24 гана ардагери калды: алар Жеңиш күнүнө карата кандай төлөмдөрдү алышат?ТИМ: Кыргызстан Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашууну кубаттайтАвтобустарда телефон уурдап жүргөн. Бишкекте чөнтөк уурулукка шектелген жаран кармалдыКыргызстан менен Япония «Бир айыл — бир продукт» долбоорун өнөр жай масштабына өткөрүүнү макулдаштыЖОЖдогу чет өлкөлүк студенттердин ортосундагы чыр-чатактын чоо-жайы«110 сом үчүн баланын өмүрү кыйылган»: Нарында окуучу өз жанын кыйган окуя парламентте көтөрүлдү
Эрлист Акунбеков айыл чарба министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды
24.02.2026 | 17:25
Эрлист Акунбеков Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Ал бул кызматка мурдагы айыл чарба министри Бакыт Төрөбаевдин ордуна келди.
Өмүр баяны жана кесиптик тажрыйбасы
Эрлист Акунбеков Ош шаарында төрөлгөн. Ал Ош мамлекеттик университетин “бизнес жана менеджмент” багыты боюнча аяктаган. Ошондой эле Москва мамлекеттик университетинин “бизнести башкаруу” багыты боюнча магистратурасын бүтүргөн.
- 2014-жылдан бери: “Кыргыз жер семирткичтерди жеткирүүчүлөр ассоциациясы” юридикалык жактардын бирикмесинин төрагасы жана “ATS-Group” ЖЧКсынын башкы директору болуп эмгектенип келет.
- 2005–2008-жылдар: “Энергобанк” ААКтын Ош филиалында жана башкы кеңсесинде адис, сектор башчысы жана башкармалыктын башчысынын орун басары кызматтарында иштеген.
- 2008–2010-жылдар: Аталган банктын Жалал-Абад филиалынын директору.
- 2011–2013-жылдар: “Ремстроймост” ЖЧКсынын аткаруучу директору.
- 2013–2014-жылдар: “ATS-Group” ЖЧКсынын аткаруучу директору.