Бишкекте сүрөтчү Жыргал Матураимовдун жеке көргөзмөсү ачылатТогузунчу талапкер: Амур Айба Медер президенттик шайлоого катышууга арыз берди«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдө
Бакыт Төрөбаев айыл чарба министри кызматынан бошотулду
24.02.2026 | 16:45

Бакыт Төрөбаев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, ошондой эле суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри кызматтарынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 24-февралда, кол койду.
Төрөбаев министрлик кызматка 2023-жылдын декабрь айында дайындалган. Ал эми Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары кызматын 2022-жылдын мартынан бери аркалап келди.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат