ЕРӨБ Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо үчүн 3,3 млн евро бөлдү

Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) Базар-Коргон шаарын суу менен камсыздоо долбоору үчүн каржылоо үчүн 3,3 млн евро бөлдү, анын ичинде 1,6 млн евро грант түрүндө. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, бул каржылоо шаарды суу менен камсыздоо инфраструктурасын модернизациялоого жардам берет. Ошондой эле 60 минден ашуун жергиликтүү тургундар үчүн коопсуз ичүүчү сууга жана жакшыртылган санитардык шарттарга үзгүлтүксүз жетүүнү камсыздайт.
Финансы министри Алмаз Бакетаев менен ЕРӨБдүн вице-президенти Маттео Патроне өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшкан.
Бул меморандум жалпы суммасы 400 млн еврого чейин болгон муниципалдык инфраструктура, сугат жана транспорт тармагындагы артыкчылыктуу долбоорлорду колдоо боюнча алкактык макулдашууну даярдоого жол ачат.
“Натыйжада өлкөнүн инфраструктурасына Банк тарабынан берилген инвестициялардын жалпы көлөмү ушул жылы 100 млн еврого жетет”,- деп айтылат маалыматта.