Эртең, 13-декбарда Бишкек шаарынын «Ала-Тоо» аянтында орнотулган башкы балатыны жандыруу аземи болот. Буга байланыштуу Чүй проспектисинин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жабылат.
Бишкек шаардык мэриясынын билдиргендей, жаңы-жылдык балатыны жандыруу иш-чарасы кечки саат 19:00дө башталат.
Саат 17:00дөн иш-чара аяктаганга чейин Панфилов көчөсүнөн Эркиндик проспектисине чейинки бөлүгү жабык болот.
Мэрия шаар тургундары менен коноктордон жаралган ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана алдын ала маршруттарын алдын ала пландап алууну эскертет.