Эртең Чүй облусунун айрым жерлеринде жаратылыш газы өчүрүлөт. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасы маалымдайт.
Оңдоо ишетрине байланыштуу газ өчүрүлө турган аймактардын тизмеси:
- Кара-Балта шаары (№ 1, 2 кооперативдери, Топограф, Пирогов, Ленин, Тоголок Молдо, Карл Маркс, Бородачев, Спортивная, Матросов, Морозов, Киров, Целинная, Токтогул, Федоров көчөлөрүндө);
- Төмөнкү Ала-Арча (Коллективная көчөсү, Колхоз бурулушу);
- Токмок шаары (промзона аймагы).
Газдын өчүрүлүшү колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылууну көздөйт.