Чүй облусунда мыйзамсыз пайдаланылып келген жер тилкеси мамлекетке кайтарылдыАнтимонополия кызматы жумуртканын баасы эмнеге кымбаттап кеткенин түшүндүрдүОрозо айт: 20-мартта кыргызстандыктар эс алышатКара-Балтада уруштан кийин аял күйөөсүн бычактап, андан кийин уктап калганКыргызстанда 2026-жылдын түшүмү үчүн 1,2 млн гектардан ашык жерге себүү пландалуудаКыргызстандын кайра иштетүү өнөр жайы жыл башында 13 пайыздан ашык өсүштү көрсөттү
Эртең Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан аба каттамы кайрадан жанданат
16.11.2021 | 17:24
«Манас» Эл аралык аэропорту» ААКсы 2021-жылдын 17-ноябрында Нур-Султан-Бишкек-Нур-Султан багыты боюнча аба каттамын жандантат. Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматы билдирди.
Каттамдар Air Astana тарабынан жумасына эки жолу: шаршемби жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Ал эми 3-декабрдан тарта аба каттамдар жумасына 4 жолу: дүйшөмбү, шаршемби, жума жана жекшемби күндөрү аткарылат.
Учуунун узактыгы 1 саат 50 мүнөт.
Эскерте кетсек, аба каттамы 2020-жылдын башында пандемияга байланыштуу токтотулган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом