Эртең өлкө аймагында аба ырайы кескин сууктайт

25.11.2021 | 17:08

Эртең жана бүрсүгүнү Кыргызстанда аба ырайы кескин суук болушу күтүлөт. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги катуу шамал дагы болорун эскертти.

Синоптиктердин маалыматына ылайык, өлкө аймагында мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо жаан-чачындын катуу жаашы, жолдордо кар күрткүсү, тоңголок болот.

Айрым жерлерде батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 17-22 метрге чейин жетиши күтүлөт.

Абанын температурасы кескин төмөндөйт:

26-27-ноябрда Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -4…-9°, күндүз -3° сууктан +2°ка чейин жылуу;

Талас өрөөнүндө түнкүсүн -7…-12°, күндүз 0…-5° жылуу;

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-6° суук, күндүз 1…6° суук болот;

27-28-ноябрда Ысык-Көл ойдуңунда түнкүсүн -8…-13 градуска чейин, күндүз -1…-6 градуска чейин суук болот;

Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында түнкүсүн -10…-15 градуска чейин, күндүз -2…-7 градуска чейин, тоолуу райондордо түнкүсүн -22…-27 градуска чейин, күндүз -10 … -15 ° суук болот.

Мындай туруксуз аба ырайы автотранспорттордун, байланыш ишканаларынын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин, жайыттарда малды кармоону кыйындатат.

Scroll to Top