«Тазалыктын» жетечиси унаа сүзүп каза болгон кызматкер тууралуу комментарий бердиБишкекте жер титирөө сезилдиУлуттук банк эл аралык которууларды, анын ичинде рублду алууда комиссия кармоого тыюу салды«Тазалыктын» жетекчиси: Кыргызстандыктар 90 миң сом айлыкка да таштанды ташыгысы келбей жататВоенно-Антоновкадагы көрүстөндөн өлгөн тоок жана вуду куурчактары табылдыСадыр Жапаров Исламабадда Аэрокосмостук илим жана технологиялар улуттук паркы менен таанышты
Эртең Бишкектин айрым бөлүгүндө суу токтотулат — көчөлөрдүн тизмеси
03.12.2025 | 19:00
Бишкектин айрым аймагында эртең, 4-декабрда ичүүчү суу берүү чектелет. Бул тууралуу шаар мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, эртең саат 10:00дөн 24:00гө чейин суу берилбейт: турак үйлөрдө, мектептерде, бала бакчаларда, медициналык мекемелерде, ишканаларда жана башка социалдык-турмуштук объекттерде, төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта:
- Селекционное — Муромская — Биримдик — Жайыл Баатыра.
Суу берүү авариялык-өндүрүштүк иштер менен байланыштуу, диаметр 250 мм болгон суу түтүгүндө токтотулат.
«Бишкексууканал» коммуналдык ишканасы убакыттык ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, жашоочуларга жана мекемелерге алдын ала ичүүчү суу запас кылууну сунуш кылды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом