Ишкананын каражатын жеке эсебине которуп турган. «Кыргыз почтасынын» башкы эсепчиси кармалдыЭкспорттук рекорд: Өзбекстандын тышкы соодасынын көлөмү 35 жылда 18 эсеге өстүОшто туристтик сезон расмий түрдө ачылдыКазакстандын Энергетика министрлиги мунайды кайра иштетүү кубаттуулугун эки эсеге арттырууну жана Борбордук Азиядагы позициясын чыңдоону пландаштырууда«Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолунун курулушу: бүгүнкү күндө кандай иштер жасалуудаЕАЭБ өлкөлөрү авиациялык мыйзамдарды шайкеш келтирүүгө киришишет
Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө ысык суу убактылуу токтотулат
06.10.2025 | 19:40

Эртең, 7-октябрда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө саат 09:00дөн 18:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ысык суу Панфилов көчөсүндөгү, «Ботсад-2» отказанынын аймагындагы жылуулук түтүгүндөгү жараканы жоюу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Өчүрүү даректери:
- К. Абай көчөсү: 95, 97, 99, 101, 103, 105, 107, 111/1;
- И. Ахунбаев көчөсү: 127а, 127, 129, 129а, 129б, 131, 131/1, 131а, 131б;
- А. Малдыбаев көчөсү: 2, 4, 6, 7, 8, 9, 9а, 11, 12, 13, 14, 16;
- И. Панфилов көчөсү: 1, 1а, 1б, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12а, 12.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом