Таластагы «Баластан» өнүктүрүү борбору Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгына карата ачылатЭкономика министрлиги Wildberries менен кыргызстандык ишкерлердин чыгымдарын талкууладыWildberries кампаларына жасалган чабуулдан кийин сатуучуларга төлөмдөрдү бере баштадыСоциалдык тармактардагы маалыматтардан кийин Чүй облусундагы сууурлар чумага текшерилдиМэрия Айтматов кең көчөсүндөгү №21 үйдүн торлорун подрядчынын эсебинен орнотуп берет«Мадина» базары реконструкцияланат: Ишкерлер жана мэрия макулдашуу комиссиясын түзүшүүдө
Эртең Бишкектин бир бөлүгүндө ысык суу убактылуу токтотулат
06.10.2025 | 19:40

Эртең, 7-октябрда Бишкек шаарынын бир бөлүгүндө саат 09:00дөн 18:00гө чейин ысык суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу шаар мэриясы кабарлады.
Маалыматка ылайык, ысык суу Панфилов көчөсүндөгү, «Ботсад-2» отказанынын аймагындагы жылуулук түтүгүндөгү жараканы жоюу иштерин жүргүзүүгө байланыштуу өчүрүлөт.
Өчүрүү даректери:
- К. Абай көчөсү: 95, 97, 99, 101, 103, 105, 107, 111/1;
- И. Ахунбаев көчөсү: 127а, 127, 129, 129а, 129б, 131, 131/1, 131а, 131б;
- А. Малдыбаев көчөсү: 2, 4, 6, 7, 8, 9, 9а, 11, 12, 13, 14, 16;
- И. Панфилов көчөсү: 1, 1а, 1б, 2, 3, 4, 5, 6, 7, 8, 9, 10, 11, 12а, 12.
«Бишкекжылуулуктармагы» ишканасы жаралган убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, түшүнүү менен кабыл алууну өтүндү.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом